Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Валюта баалуулуктары

ВАЛЮТА БААЛУУЛУКТАРЫ – чет өлкө валютасы (банкнот, казына билети, тыйын), төлөм документтери (чек, вексель, аккредитив ж. б.), чет өлкө валютасындагы фондулук баалуулуктар (акция, облигация ж. б.) чет өлкө валютасына айлантуу укугу менен кошо, чет өлкө валютасына сатылып алынуучу банктык төлөм документтери; баалуу металлдар – аргандай түрдөгү жана абалдагы алтын, күмүш, платина жана платина тобуна кирчү металлдар (палладий, иридий, родий, рубений, осмий), ушул металлдардан жана ушундай буюмдардын сыныктарынан жасалган зергерлик жана башка тиричилик буюмдарын кошпогондо; чийкизат жана иштетилген түрдөгү табигый баалуу таштар (алмаз, каухар (көөкөрташ), лаал, алоо, сапфир, ошондой эле бермет), ушул таштардан жана ушундай буюмдардын сыныктарынан жасалган зергерлик жана башка тиричилик буюмдарын кошпогондо.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: